Республиканын бардык аймагын камтыган, Маалыматтык- музыкалык «Санжыра» радиосу 2011-жылы 31-августа Обого чыкты. Кыргыздын жан дүйнөсүн, нарк насилин, тарых таржымалын, салт санаасын, эң башкысы - патриоттук сезимдерди ойготкон радио эгемендүүлүктө элибизге арналган белек. Улуу Манас эпосу баштаган кичи эпосторго, салттуу музыка, жаңылыктарга басым жасалат.